20:24
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Казакстанда кырсыктаган учактын кесепетинен каза болгондордун саны 12ге жетти

Казакстанда кырсыкка учураган учактын кесепетинен каза болгондордун саны 12ге жетти. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМК жазып чыкты. 

Эске салсак, бүгүн «Bek Air» авиакомпаниясына таандык учак Алматы шаарынан Нур-Султанга учуп бара жатып жерге кулап түшкөн. Анда 95 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү болгону кабарланган.

Маалыматка таянсак, учак 2 кабаттуу курулуштун үстүнө кулап түшкөн.

Жабырлануучуларды куткаруу иштери жүрүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар