13:52
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Ооганстанда учак жерге кулап түштү. Ичинде 83 киши болгону айтылууда

Ооганстанда учак жерге кулап түштү. Бул тууралуу BBC жазды.

Маалыматка караганда, учактын ичинде 83 киши болгон. Оогандык Ariana Afghan Airlines авиакомпаниясынын учагы Ооганстандын чыгышында Газни аймагында кырсыктаган.

Алдын ала алынган маалыматка ылайык, учак Кабул — Герат багыты боюнча учуп бара жаткан. Учак «Талибан» кыймылы көзөмөл кылган аймакка кулаган.

Эң көп окулган жаңылыктар