05:31
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Украинанын президенти Ирандын компенсациясынан баш тартты

Владимир Зеленский Тегеран шаарындагы учак кырсыгынан каза болгон украиналыктардын үй-бүлөсүнө компенсация төлөө сунушун четке какты. Бул тууралуу «ТСН. Неделя» телеберүүсүнө берген маегинде билдирди.

Украина президентинин айтымында, Иран мамлекети ар бир үй-бүлөгө 80 миң доллардан төлөп бермей болгон.

«Менин оюмча, бул аз. Каза болгон күйөөсү үй-бүлөсүн жалгыз багып келгенин жана баласы университетке тапшырышы керек экенин айткан аялдарга 80 миң доллар аз деп ойлойм», — деди Владимир Зеленский.

Украина эл аралык сотко доо арыз берүүгө камынууда.

Эскерте кетсек, 8-январь күнү эртең менен Тегерандын аэропортунан Киевге багыт алып абага көтөрүлгөн Украинанын Boeing 737-800 самолету бир аз убакыттан кийин эле жерге кулаган. Ичиндеги 167 жүргүнчү менен экипаждын 9 мүчөсүнүн эч кимиси аман калган эмес. Кийинчерээк учак Иран тарабынан атылганы белгилүү болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар