Абдикарим Алимбаев бүгүн, 24-декабрда расмий түрдө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын биринчи орун басары — Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын директору болуп дайындалды.
Ал жөнүндө эмне белгилүү
Абдикарим Алимбаев 1973-жылы 19-апрелде Ош облусунун Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айылында туулган. 1995-жылы Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынын академиясын, 2006-жылы Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын академиясын аяктаган.
Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматында 1993-жылдан бери аскер бөлүгүнүн командиринен жетекчилик кызматтарга чейин жеткен.
2014-2016-жылдары Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеп, андан кийин аны жетектеген.
2018-2021-жылдары Башкы штабдын башчысы, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары болгон.
2021-жылдын май айында президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.
Үй-бүлөлүү, үч баласы бар.