Бишкекте Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын Ички коопсуздук жана ички иликтөө башкармалыгынын мурдагы улук прокурору кармалды. Биринчи Май райондук сотунда маалымдалгандай, ал массалык баш аламандыктарды даярдаган, бийликти күч менен басып алган жана уюшкан топ түзгөн деп айыпталууда.
Сот аны 2025-жылдын 9-январына чейин камакта калтырган.
Буга чейин бул иш боюнча башкы прокурордун мурдагы орун басары Кубан Адыл уулу кармалган. Соттун 12-ноябрдагы чечими менен ал дагы 2025-жылдын 10-январына чейин камакка алынган.
Маалым болгондой, мурдагы аткаминерге карата «Уюшкан топ түзүү же ага катышуу», «Уюшкан топторду жана кылмыштуу жамааттарды каржылоо», «Кылмышка шериктеш болуу», «Кылмышка даярдануу» жана КР Кылмыш-жаза кодексинин «Бийликти күч менен басып алуу» беренелери боюнча иш козголгон.