23:11
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

ЖКнын комитети санариптик сомдун статусу жөнүндө мыйзам долбоорун жактырды

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар боюнча комитети улуттук санариптик валюта — санариптик сомдун укуктук статусу жөнүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Документтин демилгечиси — Министрлер кабинетинин төрагасы. Бул тууралуу маалыматты Улуттук банктын төрагасынын орун басары Мэлс Аттокуров билдирди.

Мыйзам долбоору «санариптик сомдун» улуттук валютасынын прототиби боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизүү, укуктук негизди жана анын статусун түзүү максатында иштелип чыккан.

Талкууда депутат Карим Ханжеза «санариптик сом» термининин пайдасы жана аныктамасы боюнча суроолорду берди. Мэлс Аттокуров улуттук валютанын жаңы формасы коопсуз деп жооп берди.

Эң көп окулган жаңылыктар