Росстаттын маалыматы боюнча, 2024-жылдын үчүнчү кварталында кыргызстандык компаниялардын Орусиядан контрагенттерге болгон карызы 26,2 миллиард рублди (244,7 миллион доллар) түзгөн.
Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15,9 миллиард рубль (148,5 миллион доллар) же 54,4 пайызга көп.
Ошол эле учурда орусиялык компаниялардын кыргызстандык контрагенттерге болгон карызы да көбөйгөн. Үстүбүздөгү жылдын үчүнчү кварталынын аягында ал 19,5 миллиард рублди (182,2 миллион доллар) түздү, бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,6 миллиард рубль (43 миллион доллар) же 30,9 пайызга көп.