Мурдагы айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековдун уулу Айбек Сапарбеков Каракол шаардык кеңешинин төрагалыгына келди. Маалыматты жергиликтүү бийлик тастыктады.
Бүгүн, 29-ноябрда депутаттар биринчи сессиясына чогулуп, анда шаардык кеңештин төрагасын шайлашты. Көпчүлүк добуш менен бул кызматка 37 жаштагы Айбек Сапарбеков шайланды. Ал «Бирге-Вместе» партиясынан шаардык кеңешке депутат болуп шайланган.
Кыргыз агрардык университетинин ветеринардык адистиги боюнча диплому бар. Үй-бүлөлүү, эки баласы бар.
Анын атасы Аскарбек Жаныбеков 2021-жылы Айыл чарба министрлигин жетектеген.