USD87.45EUR98.33RUB1.02
24.kg

Караколдун базарында курттап кеткен өпкөдөн жасалган салат сатышкан

14:19, 12 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

Каракол шаарындагы базарда үй жаныбарынын курттап кеткен өпкөдөн жасалган салат сатышкан. Бул тууралуу 24.kg агенттигине окурман билдирди.

Айтымында, шаардагы базарлардын биринен салат сатып алып, үйгө келгенде ал курттап кеткенин байкашкан.

«Салат өпкөдөн жасалган. Ал курттаганы көрүнүп турат. Балким, бул эхинококк болушу мүмкүн. Санитардык-эпидемиологиялык кызматтан чара көрүүнү талап кылабыз», -дейт окурман. 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика