17:57
USD 86.50
EUR 91.38
RUB 0.86

Аба ырайынын суукташы. Жайкы дөңгөлөктүү унаалар Ашуу жолдоруна өткөрүлбөйт

Кыргызстандын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы алыскы аймактарга бара жаткан айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырбаса, «Сосновка», «Чычкан» жана «Арал» посттору аркылуу өткөрүлбөй турганын эскертет.

Башкармалык сапарга чыгаар алдында дөңгөлөктөрдү алмаштырууну, унаанын техникалык абалын текшерүүнү, аралыкты сактоону жана кар чынжырларын же кошумча дөңгөлөктөрдү алып жүрүүнү катуу сунуштаарын белгиледи.

Эскерте кетсек, 5-8-ноябрда Кыргызстанда кескин суук болорун ӨКМдин Гидрометеорология кызматы болжолдойт.

Маалыматка ылайык, аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт: 5-6-ноябрда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 6-ноябрда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жааган. Күндүз абанын температурасы төмөндөшү күтүлүүдө.

7-8-ноябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Абанын температурасынын олуттуу төмөндөшү күтүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар