03:32
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Сокулукта жаш келин мыкаачылык менен сабалган. Акыйкатчы коңгуроо кагууда

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева өзгөчө тынчсыздануу менен мамлекеттик органдарды үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан 22 жаштагы аялдын укуктарын коргоону камсыз кылууга чакырат.

«Сокулукта жаш келин ур-токмокко кабылып ооруканага түштү. Мыкаачылык анын жаш балдарынын көз алдында болгон. Мындай зөөкүрлүк, кылмыш жазасыз калбашы керек. Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын-алуу жана балдардын коопсуздугун камсыз кылуу жаатында тез чаралар көрүлүшү зарыл», — дейт Акыйкатчы.

22 жаштагы аялдын зомбулукка кабылгандыгы боюнча маалымат түшүшү менен Институттун кызматкерлери Акыйкатчынын тапшырмасы менен ооруканага барып, жабырлануучудан кабар алышты.

Эскерте кетсек, зомбулук 28-октябрдан 29-октябрга караган түнү болгон. 22 жаштагы аял 29-октябрь күнү Тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген.

Сокулук райондук оорукананын директору Эркинбек Осмоналиевдин маалыматында, жабырлануучунун абалы орточо оор.

«Жаш келин катуу сабалган, денесинин баары көгала, гематома. Санында учтуу нерсе менен кесилген жаракат бар, андан тышкары мээси чайкалып, чапталган тырмактары жулунган. Баш мээ менен бөйрөктүн ур-токмоктон жабыркашына дагы шек бар, аны томографиянын жыйынтыгы көрсөтөт», — дейт дарыгер.

Институттун кызматкерлери жабыркаган аялдын апасы менен дагы сүйлөшүштү.

Анын айтымында, кызы 16 жашында турмушка чыккан. Күйөөсү менен жакында эле миграциядан кайтып келишкен.

«Буга чейин күйөөсү кол көтөргөнүн билбейм. Бирок, «апаңа зыян тийгизем, жада калса өлтүрүп да коем» деп шантаж кылып, коркутуп жүрчү экен», — дейт аял.

Үй-бүлөнүн эки кызы бар: алты жана үч жашта. Алар учурда апасынын туугандарында.

Тайенеси неберелери зомбулукка күбө болгонун айтат.

«Кыздарынын көзүнчө аялын сабап, кыйнап, анын баарын видеого тартыптыр», — деп аял кейийт.

Жабырлануучунун апасы күйөө баласына катаал жаза берүүнү талап кылат.

«Мен азыр кызымдын гана ден соолугун ойлоп турам. Күйөөм балам өз колу менен жасаганын керт башы менен тартып, жазадан кутулуп кетпеши керек», — дейт ал.

25 жаштагы К.М.га Кылмыш-жаза кодексининин «Уруп сабап кыйноо» беренеси (138- берене, 2 п. 2 п.) менен иш козголду.

Чуй облустук Сокулук райондук сотунун 2024-жылдын 30-октябрдагы токтому менен К.М. 2024-жылдын 27-декабрына чейин Бишкек шаарындагы № 1 Тергөө абагына камалды.

Акыйкатчы Институту жабырлануучуга укуктук жардам көрсөтүү боюнча бардык керектүү чараларды көрүүдө. Андан тышкары институттун кызматкерлери бекер жактоочу менен камсыздоого жана психологиялык жардам көрсөтүлүшүнө көмөктөшөт

Эң көп окулган жаңылыктар