15:01
USD 85.80
EUR 92.87
RUB 0.89

Ош шаарында Барсбек кагандын эстелигин жылдырып, эстакадалык көпүрө курулабы?

Ошто Барсбек кагандын эстелигин жылдырып, эстакадалык көпүрө курууну көздөп жатышат. Бул тууралуу шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Шумкар Пайзиев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, Осмонов жана Айтиев көчөлөрүнүн кесилишине курулушу пландалып жаткан жаңы эстакадалык көпүрөнүн курулушу боюнча долбоор коомдук талкууга коюлду.

Шумкар Пайзиев каржылоонун көлөмүн ачыктаган жок, ал долбоор даяр болгондон кийин белгилүү болорун белгиледи. Бирок алар көпүрөнү жергиликтүү бюджеттин эсебинен курууну көздөп жатканы белгилүү.

Алар трассадагы тынымсыз тыгындардан улам бул тилкеде жол инфраструктурасын жакшыртууну чечишкен.

Эң көп окулган жаңылыктар
28-октябрь, дүйшөмбү