15:02
USD 85.80
EUR 92.87
RUB 0.89

2024-жылдын биринчи жарымында туризмден түшкөн киреше 479 миллион доллардан ашты

Кыргызстанда 2024-жылдын биринчи жарымында туризмден 479 миллион доллардан ашык киреше түшкөн. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, жылдын биринчи алты айында туристтик кызматтардын экспорту эсеп боюнча 479,7 миллион долларды түздү. 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,8 пайызга өскөн.

Бул мезгилде туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн импорту, эсептөөлөр боюнча 280,1 млн долларды түздү. Ал эми кыргызстандыктардын чет өлкөлөрдөгү чыгашалары 6,9 пайызга өскөн.

Буга чейин Экономика министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору Максат Усубалиев 2024-жылдын биринчи жарымында туризм тармагына байланыштуу катталган субъектилердин саны 135,8 миң бирдикке көбөйгөнүн билдирген.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын сегиз айында Кыргыз Республикасына чек ара бекеттери аркылуу 6 миллион 143 миң чет элдик жаран келген. Бүтүндөй өткөн жылдын ичинде бул көрсөткүч 8,5 миллионго жакын адамды түзгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар
28-октябрь, дүйшөмбү