12:30
USD 85.80
EUR 92.87
RUB 0.89

Нарында төрт заводдун курулушуна капсула салынды

Бүгүн, 25-октябрда «Нарын» ЭЭА — Кашкар ЭЭА" индустриалдык паркында төрт жаңы заводдун курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Салтанатка Акылбек Жапаров катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун айтымында, «Нарын Шумкар» автозаводуна 130 миллион доллар инвестиция тартылат. Бул ишкана ачылгандан кийин 10 миңден ашык адам иштей алат. Жылына 20 миңден ашык автоунаа чыгарылат.

Нарын Чырак светодиоддук лампа чыгаруучу заводго 10 миллион доллар инвестиция салуу пландалууда. Анда жылына 30 миллион лампа чыгарылып, 200гө жакын адам иштейт.

«Нарын-кагаз» ишканасынын даарат кагазын жана салфеткаларын чыгаруучу заводунун курулушуна 10 миллион доллар жумшалат. Жылына 6 миң тонна кагаз продукциясын чыгаруу жана 100дөн ашык жумушчу орундарын түзүү күтүлүүдө.

«Нарын Алгыр Технология» ишканасы айыл чарбасы үчүн дрондорду чыгарат. Анда 50дөн ашык жумушчу орун түзүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар