Албанияда өтүп жаткан жаштар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында бүгүн, 23-октябрда кыз-келиндер арасында эркин күрөш боюнча мелдештер өтүүдө.
Беттештер беш салмак категориясы боюнча финалисттерди аныктайт. Аларга кыргызстандык үч балбан кыздар катышат.
59 килограммга чейинки салмак ченинде Парижде өткөн Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси Мээрим Жуманазарованын сиңдиси Сезим Жуманазарова 1/16 финалдык баскычтан старт алды. Ал эки мүнөткө жетпеген убакытта (1,58) монголиялык атаандашы Хулан Бямбасуранды 10:1 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип алды. 1/8 финалда биздин спортчубуздун атаандашы Украинанын өкүлү Соломия Винник болмокчу.