07:48
USD 86.80
EUR 91.19
RUB 0.85

Пара алуу. Судья Нурлан Кенжебаев бир миллион сом айыпка жыгылды

Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Нурлан Кенжебаев пара алуу боюнча күнөөлүү деп табылып, 1 миллион сом айыпка жыгылды. Бул тууралуу 24.kg басылмасына Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Ошол эле учурда сот кызматчысы анын аракеттеринде кылмыштын курамы жок болгондуктан, «Ири өлчөмдө опузалап алуу» беренеси боюнча акталган.

Нурлан Кенжебаев КР Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси «Пара алуу» боюнча күнөөлүү деп табылып, мамлекеттик кирешеге 2 миллион сом айыпка жыгылды. Бирок камактагы узак мөөнөттү эске алып, судья дайындалган жазаны жеңилдетип, акыры 1 миллион сом айыпка жыккан.

Бишкек шаардык соту Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын Соттор Кеңеши Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Нурлан Кенжебаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча президентке сунуш жөнөткөн. Мындай чечим айыптоо өкүмүнүн мыйзамдуу күчүнө киргендигине байланыштуу кабыл алынды.

Нурлан Кенжебаев былтыр опузалап 2 миң доллар алып жаткан жеринен кармалган. Тергөөчүлөрдүн айтымында, ал каралып жаткан кылмыш иши боюнча оң чечим чыгарганы үчүн акча сураган

Эң көп окулган жаңылыктар