Бүгүн, 22-октябрда XVI БРИКС саммити Казань шаарында башталат. Орусиянын ЖМКлары дүйнөлүк көпчүлүк өлкөлөрдүн лидерлери планетадагы курч кризистерди жана БРИКСке жаңы мамлекеттерди кошууну талкуулаша тургандыгын жазышууда.
Иш-чара БРИКС+ форматында өтүп, БРИКС өлкөлөрү менен өз ара аракеттенүүгө кызыкдар мамлекеттердин өкүлдөрүн чогултат. Жалпысынан 36 өлкөнүн жана 6 эл аралык уюмдун катышуусу күтүлүүдө. Иш-чарага БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш да келет.