USD87.45EUR98.33RUB1.02
24.kg

Акылбек Жапаров орус тилине этият мамиле кылаарын айтты

09:46, 22 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын бийлиги келечекте республикада орус тилин сактап калуу маселесине көңүл бурууга ниеттенип жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Москвада Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин менен болгон жолугушууда билдирди.

«Биздин Конституцияда орус тилине расмий тил статусу берилген. Бизде орус тилине өзгөчө кылдат мамиле жасалып келген жана боло берет», — деди ал.

Акылбек Жапаров залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов атактуу чыгармаларын орус тилинде жазганын эске салды.

«Билим берүү тармагында да кызматташуу ийгиликтүү жүрүп жатат. Акыркы жылдары Кыргызстанда жана Россияда иштеп, биздин мамлекеттердин ортосундагы достуктун көпүрөсү болгон он миңдеген квалификациялуу кадрларды даярдаганын белгилеп кетким келет», — деди Кыргызстандын Министрлер кабинетинин башчысы.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика