Жогорку Кеңештин фракцияларынын биргелешкен жыйынында 2025-жылдын бюджетинин долбоору каралып жатканда депутат Гуля Кожокулова эмне үчүн автобустарды сатып алууга акча каралбай жатканын сурады.
«Бишкекте автобустарда баары жайындабы? Тургундар арызданышууда», — деди ал.
Шаардын вице-мэри Мирлан Байгончоков борбор калаадагы коомдук транспорт эми инвестициялык каражатка 2026-жылы сатылып алынарын билдирди. Азия өнүктүрүү банкынын акчасына 120 электробус, Европа өнүктүрүү банкынан 100 автобус жана KMF банкынан 60 автобус сатып алынат