Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги жаңы атайын техникаларды алды. Салтанат Ала-Тоо аянтында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өтүүдө.
Белгиленгендей, атайын техникалар министрликтин республиканын бардык аймактарындагы бөлүмдөрүнө барат.
Иш-чара бүгүн Бишкекте ачылган AgroTechExpo 2024 көргөзмөсүнүн алкагында өтүүдө.