16:21
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

«Евразия» уюму Кызыл-Кыя жана Раззаков шаарындагы мектеп жана стадионду оңдойт

Баткен облусунун 25 жылдыгына карата Орусиянын «Евразия» бейөкмөт уюму мектепти жана стадионду оңдоо иштерин каржылоого сертификат тапшырды. Жардам Евразия лицейи программасынын экинчи этабына киргизилген.

Программанын биринчи этабында Кыргызстанга 100 мектеп автобустары жөнөтүлүп, алар алыскы аймактардан келген окуучуларды ташуу үчүн пайдаланылат. Ошондой эле «Евразия» программасынын алкагында Бишкек шаарындагы № 27 орто мектепти капиталдык оңдоодон өткөрүү милдетин алган.

Экинчи этапта Баткен областынын Кызыл-Кыя шаарындагы. № 1 Д.М атындагы Карбышев орто мектептин капиталдык ремонту жүргүзүлөт. Эски эки кабаттуу имаратта 30дан ашык окуу кабинеттери, устакана, информатика кабинети, актовый жана спорт залдары, ашкана, китепкана оңдолот. Мектептин айланасы да жашылдандырылмакчы.

Мындан тышкары облуста борбордук стадиондун жана Раззаков атындагы спорт залдын курулушу бүткөрүлөт.

«Биз салттуу баалуулуктарыбыздын платформасында бирдиктүү евразиялык билим берүү жана маалымат мейкиндигин өнүктүрүүнү улантып жатабыз. «Евразия» программасы «Евразия лицейи» Кыргыз Республикасында өз ишин баштады жана мектептерге колдоо көрсөтүү менен биз балдар өз потенциалын ишке ашырып, ийгиликтерге жетишүү үчүн билим алуу үчүн ыңгайлуу жана заманбап шарттарды түзүп жатабыз. Бул биздин коомдун келечегине, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого кошкон салымыбыз», — деди Евразия башчысы жана Мамлекеттик Думанын депутаты Алена Аршинова.

Эң көп окулган жаңылыктар