02:19
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Эртең «Ак шумкарлар» Түндүк Кореянын курамасы менен беттешет

2026-жылы боло турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо оюндары алкагында эртең,15-октябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча кыргыз курама командасы менен Түндүк Кореянын курама командасы беттешет. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда кореялык футболчулар эки күн мурда Кыргызстанга келишип, машыгып жатышат.

Эске салсак, буга чейин Кыргыз курама командасы Доха шаарында Катардын курама командасы менен ойноп, 3:1 эсебинде утулуп калган.

Эң көп окулган жаңылыктар