16:18
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Бүгүн Кыргызстан менен Катардын футбол курама командалары беттешет

Бүгүн, 10-октябрда Доха шаарында Кыргызстан менен Катардын футбол курама командаларынын беттеши өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, беттеш 44 миң көрүүчү бата турган “Аль-Тумама” стадионунда Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.
Машыгууларга жалпы 30 оюнчу чакырылып, кеңейтилген тизмеге кирген. Алар Сауд Арабиянын Жидда шаарында октябрда өтө турган эки беттешке даярданышты.
Эскерте кетсек, беттеш 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү раундунун алкагында өтөт. Буга чейин Кыргызстан 2 беттеш өткөрдү. Эки оюнда тең жеңилип, бир да упай ала элек

Эң көп окулган жаңылыктар
10-октябрь, бейшемби