12:19
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Казакстанда АЭС куруу боюнча референдумга катышкандардын 72,3 пайызы колдоду

Алдын ала маалыматтар боюнча, Казакстанда атомдук электр станциясын курууну референдумга катышкандардын 72,3 пайызы колдосо, 27,7 пайызы каршы болгон. Бул тууралуу республикадагы эң ири «Аманат» саясий партиясынын Коомдук саясат институту билдирди.

Бул партиянын Коомдук саясат институту экзит-полл өткөрдү. 600дөн ашык интервьюерлер жана супервайзерлер тартылып, 300 шайлоо участкалары камтылды. Сурамжылоого 44 миң 160тан ашык жаран катышкан.

Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, саат 20.00дө шайлоо участкалары жабылганда добуш берүүгө 7,8 миллиондон ашык жаран катышты. Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктоочу көрсөткүчү 63,87 пайызды түзүп, референдум өттү.

Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы бүгүн, 7-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясында өтө турган атайын брифингде чыгарылат. Референдум өткөрүлүүчү жерлерде добуштарды эсептөө убактысы колдонуудагы мыйзамдардын нормаларына ылайык добуштарды эсептөө башталган учурдан тартып 12 сааттан ашпоого тийиш.

Буга чейин мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев АЭСтин курулушун ачык колдоп, долбоор өлкө үчүн ондогон жылдар бою туруктуу прогрессти камсыз кылып, энергетикалык эгемендүүлүктү бекемдей турганын белгилеген. Ал АЭСтин курулушу Казакстандагы референдумда жактырылса, аны эл аралык консорциум куруу керек деп эсептейт.

Эң көп окулган жаңылыктар