Бүгүн, 2-октябрда Жогорку Кеңеште жаңы депутат Алтынбек Кылычбаев ант берип, ыйгарым укуктарын аткарууга киришти.
Ал № 13 Сузак шайлоо округу боюнча шайланып, экс-депутат Тазабек Икрамовдун бош мандатын алган.
Алтынбек Кылычбаев 47 жашта. БШКнын сайтында ал Жалал-Абад санаториясынын директорунун орун басары болгон деп жазылган. Ал 2015-жылы «Республика Ата Журт» партиясынан депутаттыкка ат салышканы ачык булактардан белгилүү. Ал талапкерлердин тизмесинде экинчи болгон.
Белгилей кетсек, 22-сентябрда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөн. Аталган округдан шайланган эл депутаты Тазабек Икрамов өз ыктыяры менен мандатын тапшыргандан кийин мандат бош калган.