14:05
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Камчыбек Ташиев УКМК кызматкерлерин балдарынын буйруктарын аткарбоого чакырды

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев башкармалыктын кызматкерлерин жана башка мамлекеттик кызматкерлерди балдарынын жана жакындарынын көрсөтмөлөрүн аткарбоого чакырды.

Ал Кызыл-Кыя шаарындагы УКМКнын жаңы имаратынын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө мамлекеттик кызматкерлердин кимдир бирөө анын жакындары менен байланышка чыкса, аларга кызматтык иликтөө жүргүзүлөрүн эскертти.

«Үй-бүлөм, балдарым менен телефон аркылуу сүйлөшсөң да, жооп бересиң. Сиз алардын талаптарын же көрсөтмөлөрүн аткарууга милдеттүү эмессиз. Мен өзүмдүн жеке иштеримди кызмат ордум менен чечпейм жана жакын адамдарымдын көйгөйлөрүн чечүү боюнча эч качан тапшырма берген эмесмин жана бербейм да», — деди Камчыбек Ташиев.

Ал Кыргызстанда мурунку бийликтин тушунда үй-бүлөлүк-кландык башкаруу болгонун эске салды. Өлкөнүн түпкү жетекчилиги мамлекеттин ишине кийлигишкен, келечекте мындай болбошу керек.

Камчыбек Ташиев өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылыкка шектелип кармалган жездеси (бажа) үч айдан бери СИЗОдо отурганын кошумчалады.

«Ал жогорку кызматта иштеген, милициянын полковниги болгон. Бирок ал менин атымды жашырып, мыйзамсыз иштерди жасап, азыр абакта отурат экен. Жабырлануучуларга акчасын төлөп, мыйзам чегинде жазасын алып, анан гана бошотулат», — деп белгиледи УКМКнын башчысы.

Эң көп окулган жаңылыктар
4-октябрь, жума