11:16
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Ажылык — 2025: Зыяратчыларды каттоо 7-октябрда башталат

2025-жылы ыйык Мекке жана Медина шаарларына ажылыкка барууну каалаган жарандарды каттоо 2024-жылдын 7-октябрында башталат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, зыяратчылар Элдик банкка 2 миң доллар жана 1 миң 200 сом өлчөмүндөгү биринчи төлөмдү жасашы керек. Бул каражаттар кайтарылбай турганы белгиленген. Андан кийин жарандар кезектеги базага кирүү үчүн облустук, шаардык жана райондук деңгээлдеги каттоо пункттарына кайрылышат.

Белгилей кетсек, буга чейин муфтият Сауд Арабиясы 2025-жылдагы ажылык сапарга Кыргыз Республикасынан баруучу зыяратчыларга 6 миң квота бергенин билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар