10:38
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Бишкектеги тарыхый эстелик болгон театрдын имараты мамлекетке кайтарылды

Бишкектин борборундагы тарыхый эстеликтин катарына кирген объектти мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, «Тунгуч» жаштар драма театры жайгашкан имарат мамлекеттин балансына өткөн. СССР тарагандан кийин ошол кездеги закондун талаптарын бузуу мене менчиктештирүүнүн жалпы толкуну учурунда имарат «Т.П.Ц.Т.» ЖЧКсынын менчигине өткөн.

Анын болжолдуу баасы 317 миллион 106 миң сом, же 3 миллион 750 миң доллар.

Бул мүлк тарыхый жана маданий эстелик болуп саналат, мамлекеттик коргоого алынган жана коомдук көңүл ачуу жана социалдык-маданий максаттар үчүн гана имарат катары пайдаланылышы мүмкүн. Бирок көп жылдар бою анда түнкү клуб жайгашкан.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин фотосу. Театр имараты

үлктү мамлекеттин атынан мыйзамдуу ээсине кайтарып берүү максатында УКМК тарабынан менчик ээси менен профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп, анын натыйжасында 23-сентябрда уюштуруучу жана ээси катары Ч.В.С. «Т.П.Ц.Т» ЖЧКсынын 100% акциясын өз ыктыяры менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине өткөрүп берди.

Эң көп окулган жаңылыктар