Каржы министри Алмаз Бакетаев, Улуттук банктын жетекчиси Мелис Тургунбаев жана Экономика министри Данияр Амангелдиев Кытай Эл банкынын төрагасынын орун басары Чжан Цинсун менен жолугушту. Бул тууралуу КР Каржы министрлиги билдирди.
Жолугушуу соода-экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясынын жыйынынын жана «Silk Road Expo» сегизинчи көргөзмөсүнүн ачылыш аземинин алкагында өттү.
Катышуучулар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы финансылык өнөктөштүктүн маселелерин, анын ичинде чет элдик инвестицияларды тартуу жана баалуу кагаздар рыногун кеңейтүү үчүн юандагы мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгарууну талкуулашты.
Кыргыз тарап баалуу кагаздарды ийгиликтүү жайгаштыруу үчүн кытайлык финансы институттарынан кепилдиктерди берүү, ошондой эле Кытай Эл банкы менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ортосунда өз ара эсептешүүлөр боюнча келишим түзүү боюнча суроолорду берди. Ошондой эле Улуттук банктын банктар аралык төлөм системасына кошулуусу талкууланды.
Мындан тышкары, тараптар Кыргызстандын коммерциялык банктарынын Кытай Банкы менен кызматташтыгын карап чыгышты, анткени 21 каржы институтунун экөөсү гана банк менен корреспонденттик байланышка ээ.