09:34
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Түштүк Африкадан аңчылык мылтыктарды Кыргызстанга алып келүүгө аракет кылышкан

Түштүк Африкадан Кыргызстанга аңчылык мылтыктарын алып кирүүгө аракет кылышкан. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Манас» бажысынын кызматкерлери УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте бажы мыйзамдарын бузуу фактыларын аныкташкан. Түштүк Африка Республикасынан ЖЧК А.К. келген товар — аңчылык мылтыктары — жалпы салмагы 378 килограммды түзгөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө бажы эсеп-фактурасы боюнча товардын баасы 81 миң 720 доллар, ал эми 2024-жылдын 27-июнундагы эсеп-фактурасы боюнча 59 миң 370 доллар экени аныкталган.

Натыйжада ЖЧКнын бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качкан фактысы аныкталды. Эсеп-фактурага ылайык, мурда төлөнгөн бажы төлөмдөрүнөн тышкары мамлекеттик бюджетке төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн жана салыктардын суммасы 526 миң 456 сомду түздү.

Чогултулган материалдар Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар