Кыргызстандын 2024-жылдын январь-июль айларындагы экономикалык көрсөткүчтөрү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу тышкы соода жүгүртүүнүн 4,7 пайызга өскөндүгүн көрсөттү. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынан билдиришти.
Бул мезгилде импорт 6,7 пайызга өскөн. Бирок экспорттук берүүлөр 3,7 пайызга кыскарган. Импорттун өсүшү Кытайдан 32,7 пайызга өсүүнү көрсөткөн импорттук продукциянын көлөмүнүн өсүшү менен камсыз болгон. Кытайдан импорттун структурасында кыйла олуттуу үлүштү кездемелер, ошондой эле машиналар жана жабдуулар ээлейт.
Мында, Кыргыз Республикасынын экспорту кыскарган, бул Россияга жана Казакстанга берүүлөрдүн тиешелүүлүгүнө жараша 24,2 жана 15,9 пайызга кыскарышы менен байланыштуу.
Кошумчалай кетсек, жалпы соода жүгүртүүнүн 81,8 пайызын импорт, ал эми экспорт болгону 18,2 пайызын түзөт. ЕАЭБ өлкөлөрү (Россия, Казакстан жана башкалар) менен соода жүгүртүү 8,7 пайызга кыскарып, 2,4 млрд долларды түздү. ЕАЭБдеги негизги өнөктөштөр Россия Федерациясы (71,3 пайыз) жана Казакстан Республикасы (26,8 пайыз)