12:39
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы ФИФАнын рейтингинде 106-орунда турат

Кыргыз футбол биримдиги
Фото Кыргыз футбол биримдиги. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы ФИФАнын рейтингинде 106-орунду ээледи. Жаңыланган тизме эл аралык федерациянын сайтында жарыяланды.

Команда дагы төрт позицияга төмөндөдү.

Рейтингде 210 команда бар. Алдыңкы бештикке Аргентина, Франция, Испания, Англия жана Бразилия кирген.

Азия чөлкөмүндө Кыргызстандын командасы бир орунга төмөндөп, 17-орунда турат.

Эске сала кетсек, сентябрь айында Кыргыз курама командасы Азия зонасында 2026-жылдагы дүйнө чемпионатынын тандоо этабынын эки оюнун өткөргөн. Ал эки беттеште тең утулуп калды.

Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер командасы Эл аралык футбол федерациясынын рейтингинде 129-орунда турат.

Эң көп окулган жаңылыктар