Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Ысык-Көл облусу боюнча бөлүмү Балыкчы шаарындагы ун комбинатынын имараттарын жана ага жакын жер тилкелерин мамлекеттин менчигине кайтарды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, кайтарылган мүлктүн жалпы баасы 288 миллион 962 миң 637 сомду түзөт.
Бул Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кызмат адамдары тарабынан завод объектилерин мыйзамсыз менчиктештирүүгө байланышкан коррупциялык кылмыш ишинин алкагында болгон.
Кайтарылган объектилердин арасында тегирмен, суу алуучу курулма, даяр продукцияларды сактоочу кампа, трансформатордук имарат жана жер тилкелери бар жашылча кампалары бар.