03:29
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Камчыбек Ташиев атайын кызматтардын мурдагы жетекчилери менен жолукту

Бүгүн, 17-сентябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук министрлигинин (УКМ)- Улуттук коопсуздук кызматынын (УКК) -УКМКнын мурдагы төрагалары, ошондой эле генерал наамындагы экс — орун басарлары менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК төрагасы тарабынан чакырылгандардын баарына, КР коопсуздук органдарынын ардагерлерине жаңы үлгүдөгү өздүк күбөлүк тапшырылды. Алардын арасында Т.С.Айтбаев, Ф.Ш.Кулов, Б.Ч. Жанузаков, Б.Б.Табалдиев, Ш.Э.Атаханов, Т.К.Алмаматов, М.Ж.Ниязов жана башкалар бар.

Жолугушуунун жүрүшүндө К.К.Ташиев экс-жетекчилерге бүгүнкү күндө өлкөнүн коопсуздугун жана мамлекеттеги туруктуулукту камсыз кылуу боюнча күч органдары тарабынан көрүлүп жаткан чаралар, ошондой эле социалдык-экономикалык туруктуулукту камсыздоо, коомдун, анын ичинде эмгек ардагерлеринин жана укук коргоо органдарынын — пенсионерлердин муктаждыктарын канааттандыруу багытында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди.

Жолугушууда улуттук, аймактык жана глобалдык коопсуздукту камсыз кылуунун актуалдуу маселелери, ошондой эле чалгындоо кызматтарынын алдында турган милдеттер талкууланды. Президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында реформаларды ишке ашырууга, глобалдык чакырыктарды жеңүүнүн келечектүү жолдоруна жана бул процессте ардагерлердин ролуна өзгөчө көңүл бурулду.

Атайын кызматтардын мурдагы жетекчилери өлкөдө акыркы төрт жылда болуп өткөн өзгөрүүлөргө, анын ичинде социалдык-экономикалык бакубаттуулуктун жакшырышына, улуттук коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылуу боюнча чараларга жогору баа беришти. Ардагерлер УКМКнын азыркы жетекчилигинин, өзгөчө уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөштөгү иштеринин маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Басма сөз борборунан билдиришкендей, ардагерлер Камчыбек Ташиевди генерал-полковник жогорку аскердик наамынын ыйгарылышы менен куттукташты. Алар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчилигинин өлкөдөгү коопсуздукту жана стабилдүүлүктү камсыз кылуу аракеттерине колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти

Эң көп окулган жаңылыктар