04:09
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Камчыбек Ташиев Өзбекстан менен беттештин алдында Кыргыз курамасы менен жолукту

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Өзбекстан менен беттештин алдында «Мурас Юнайтед» машыгуу базасында машыгуу өткөрдү. Бул тууралуу Кыргызстан футбол биримдигинин (КФБ) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, командага анын жетекчиси Камчыбек Ташиев келип, маанилүү жолугушуунун алдында футболчуларды колдоорун билдирди.

Ал футболчуларга 5-сентябрда Иран менен болгон беттеште татыктуу оюн көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирип, команда тайманбастык менен ойноп, күчтүү атаандаштардан коркпоосу керектигин баса белгиледи.

Камчыбек Ташиевдин айтымында, Кыргыз курама командасы Азиянын алдыңкы футбол командалары менен атаандаша аларын буга чейин далилдеген.

КФБнин президенти ошондой эле өлкөдө футболду өнүктүрүү үчүн бардык шарттар түзүлүп жатканын белгиледи: жаңы машыгуу базалары курулуп, 12 стадион калыбына келтирилип, 2025-жылы айылда жаңы стадион менен футбол комплексинин курулушу башталат. Ал ошондой эле республиканын жетекчилиги футболду өнүктүрүүгө чоң көңүл буруп жатканын ишендирип, улуттук курама командага Өзбекстан менен боло турган беттеште ийгилик каалады.

Эске салсак, эртең Бишкекте футбол боюнча Кыргызстан — Өзбекстан беттеши өтөт. Оюн 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын үчүнчү тандоо раунду алкагында болот.

Мелдеш кечки саат 20:00дө борбор калаадагы Д.Өмүрзаков стадионунда орун алат.

Эң көп окулган жаңылыктар