Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бокс боюнча дүйнө чемпиону Орзубек Назаровду суракка алды. Ведомствонун басма сөз борбору атактуу спортчунун Өзбекстандын криминалдык авторитет делген Салим Бойвоча (Салимбай Абдувалиев) менен байланышы аныкталганын билдирди.
3-сентябрда КР Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топторду жана кылмыштуу топторду каржылоо” беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында атайын кызмат Орзубек Назаровду суракка алган. Анда 2023-жылы бокс боюнча дүйнө чемпионатында аны жана башка спортчуларды Салимбай Абдувалиев кечки тамакка чакырганын түшүндүрдү. Алар тамактанып, эки башка жолго кеткен. Орзубек Назаров кылмыш дүйнөсү менен эч качан байланышта болбогонун жана мындан ары да байланышта болбой турганын кошумчалады.
Бул кылмыш ишинин алкагында Салим Бойвочтун кылмыш иштерине тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.