USD87.45EUR98.38RUB1.04
24.kg

Медет Назаралиев Кыргыз фондулук биржасынын директорлук кызматынан кетти

12:40, 02 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Медет Назаралиев «Кыргыз фондулук биржасы» жабык акционердик коомунун директорлук кызматынан өз арызы менен кетти. Бул тууралуу аталган биржадан билдирди.

Маалыматка ылайык, Медет Назаралиев биржаны 2020-жылдын мартынан 2024-жылдын 2-сентябрына чейин жетектеген.

Анын фондулук рыноктогу жалпы тажрыйбасы 12 жылдан ашык, буга чейин Кыргыз фондулук биржасынын IT бөлүмүнүн башчысы жана вице-президенти кызматтарын аркалаган.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика