34 жаштагы жаран социалдык тармактардан көрүп, милиция бөлүмүнө өзү келген.
«Мен ал бала рюкзакыма колун тийгизип жатканын көрүп, ал бир нерсе уурдагысы келет деп ойлогом. Ошон үчүн менде ушундай реакция болду. Мен баланын ата-энесине жана эжесине кечирим сурайм. Баланын ооруп жатканын билген эмесмин», — дейт ал видеодо.
Буга чейин бүгүн, 27-августта Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына жаран Ж.М кайрылып, белгисиз адамга карата чара көрүүнү суранган. Түшкү саат 13:16 чамасында Фучик көчөсүндөгү эмканалардын биринде дарыгерге кезекке турган учурда жашы жете элек иниси М.А. бир жигит уруп жиберген.
Бул факты катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
«Өзүн социалдык тармактардан көрүп, 1990-жылы туулган А.А. аттуу жаран милиция бөлүмүнө өзү келген», — деп билдиришти укук коргоо кызматкерлери.
Учурда керектүү экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгы менен процессуалдык чечим чыгарылат.