134 млн 73 миң 600 сомдук жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу КР Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.
Башкы көзөмөл органы белгилегендей текшерүүнүн жүрүшүндө Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Суу айыл аймагында жайгашкан «Дан» мамлекеттик ишканасына таандык 375 гектар айыл чарба жери жергиликтүү өз алдынча башкарууга мыйзамсыз өткөрүлүп берилгени аныкталган. 2005-жылы мамлекеттик орган болуп, кийин жеке адамдар тарабынан менчиктештирилген.
Ошентип, Башкы прокуратура тарабынан берилген прокурордук чара көрүү актысынын негизинде жогоруда аталган жер тилкеси толугу менен мамлекеттин балансына кабыл алынган.