21:15
USD 87.00
EUR 90.43
RUB 0.88

«Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жолу. Атайын комиссия ишин баштады

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин төрагалыгы алдында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын биринчи отуруму өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, отурумда КР министрлер кабинети менен «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жол компаниясы" жоопкерчилиги чектелген коому биргелешкен долбоордук компаниясынын ортосундагы инвестициялык макулдашуу каралды.

Белгилей кетсек, ведомстволор аралык комиссия — Кыргызстандын темир жолдор тармагын өнүктүрүү жана темир жол транспортунун транзиттик потенциалын ишке ашыруу, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ийгиликтүү ишке ашыруу максатында түзүлгөн.

Жыйын соңунда тиешелүү министрликтерге, комитет, административдик ведомстволорго, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик ишканаларга жана уюмдарга тапшырмалар берилип, ведомстволор аралык комиссиянын иш процессинде пайда болгон маселелерди өз убагында сапаттуу чечүү жүктөлдү.

Эң көп окулган жаңылыктар