19:54
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Кыргызстанда кылкандуу дан эгиндеринин канчасы оруп-жыйналды?

Кыргызстанда кылкандуу дан эгиндердин 71%ы оруп-жыйналды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, быйыл оруп-жыйноо иштери өткөн жылга салыштырмалуу жогорку деңгээлде жүрүүдө.

Кылкандуу дан эгиндеринин (буудай, арпанын) 351,2 миң гектары жыйналды, же 71,5 % түздү. Бул өткөн жылдагыдан 71,2 миң гектарга көп. Анын ичинен:

— 186,4 миң га буудай, же 77,5 %, өткөн жылдан 42,1 миң га көп;

— 164,8 миң га арпа — 65,7 %, же өткөн жылдан 29,1 миң га көп.

Орточо түшүмдүүлүк буудайдан 29,4 ц/га, арпадан — 25,8 ц/га, алынып, өткөн жылдагыдан — 6,4-4,8 ц/га жогору болууда.

Эң көп окулган жаңылыктар