12:04
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Былтыр Европада ысыктан 47 миңден ашуун адам каза болгондугу айтылды

Барселона глобалдык саламаттыкты сактоо Институтунун (ISGlobal) жарыяланган отчетуна ылайык, 2023-жылы Европада ысыктын кесепетинен 47 миңден ашуун адам каза болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазууда.

Анда өткөн жыл дүйнөдөгү эң ысык жыл болуп айрыкча түштүктөгү өлкөлөр эң көп жабыркагандыгы айтылган.

Климаттын өзгөрүшү температуранын жогорулашын улантып жаткандыктан, европалыктар Жердеги эң тез жылыган континентте жашашат жана өтө ысыктан улам ден соолукка коркунуч туудурууда.

Испаниялык изилдөө борборунун отчетуна ылайык, 2023-жылы жогорку температурадан каза болгондордун саны 60 миң адамга жеткен.

Эгерде акыркы 20 жылда адамдарга эрте эскертүү системалары жана саламаттыкты сактоо тармагын жакшыртуу сыяктуу температуранын жогорулашына ыңгайлашууга жардам берүү чаралары көрүлбөсө, бул 80% жогору болмок.

Эң көп окулган жаңылыктар