Дүйнөлүк Метеорология Уюмунун (WMO) басма сөз катчысы Клэр Нуллис июль айындагы катуу ысык жүз миллиондогон адамдарга таасир эткенин белгиледи. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Июль айы бою катуу ысык жүз миллиондогон адамдарга таасирин тийгизгендигин айткан Нуллис дүйнөдөгү эң ысык күн 22-июль болуп катталганын эске салды Ал глобалдык орточо температуранын 2023-жылдын июнь айынан 2024-жылдын июнь айына чейин кайра-кайра рекорддорду жаңыртуу менен катталганын белгилеп, өткөн жылы ар бир континентте кеңири жайылган, күчтүү жана узак мөөнөттүү ысык толкундар болгондугун белгиледи.
Нуллис 2023-жылы эң аз 10 өлкөнүн бир бөлүгүндө күнүмдүк температура Цельсий боюнча 50 градустан жогору болгондугун айтты.
Азия, Африка жана Европада температура рекорддорунун жаңыланганын баса белгилеген Нуллис: "Дүйнөнүн бир топ жеринде абанын температурасы туруктуу болуп баратат. Мисалы, Лас Вегаста 40 күндөн ашык убакыттан бери 40 градустан жогору температура көрүлдү",-деди.