Мамаев Жыргалбек Аскерович беш жылдык мөөнөткө Балыкчы шаардык сотунун төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка бүгүн, 12-августта Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков кол койду.
Жыргалбек Мамаев КР Конституциясынын 95-беренесинин, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 27-беренесинин жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 25-беренесине ылайык дайындалды.