06:20
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Канат Табалдиев Кара-Суу районунун акими болуп дайындалды

Кара-Суу райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Темирболот Абыкеевдин ордуна Канат Табалдиев келди. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине ылайык Табалдиев Канат Касенович Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким болуп дайындалды.

Ошондой эле президент Садыр Жапаров кол койгон башка тескемеге ылайык Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Абыкеев Темирболот Асаналиевич ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Эң көп окулган жаңылыктар