Франциянын борборундагы «Станд де Франс» стадионунда мелдештин жабылыш аземи өттү.
Иш-чарада 2028-жылдагы Олимпиада өткөрүү укуктары АКШнын Лос-Анжелес шаарына салтанаттуу түрдө тапшырды. Быйыл Париждеги жайкы Олимпиада оюндарына 206 мамлекеттен 10 миң 500 спортчу катышты. Анда спорттун 45 түрү боюнча 329 медалдардын топтому ойнотулду.
Ал эми Кыргызстандын 16 спортчусу сууда сүзүү, спорттук күрөш, жеңил атлетика, дзюдо жана бокс боюнча мелдештерде күч сынашты. Жалпысынан Кыргыз спортчулары Олимпиадада 6 медаль — 2 күмүш, 4 коло утту.
Кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмак ченинде Мээрим Жуманазарова күмүш, бокс боюнча 57 килограмм салмакта Мунарбек Сейитбек уулу күмүш медаль жеңди, грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта Жоламан Шаршенбеков, 77 килограмм салмакта Акжол Махмудов, 97 килограмм салмакта Үзүр Жусупбеков, 62 килограмм салмакта Айсулуу Тыныбекова коло медаль утту.
6 медалы менен Кыргызстан 68-орунга чыкты.