22:03
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Токмок сейил багында куруучуну сабаган беш жигит кармалды

Токмак шаарында 21 жаштагы эки жана 20 жаштагы үч жигит кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Милицияга 32 жаштагы жаран кайрылып, белгисиз жигиттерге чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, 3-августта саат 5.00 чамасында Токмак шаарынын сейил багында ал эки кесиптеши менен курулуш иштерин жүргүзүп жаткан. Аларга беш жигит келип, эч себепсиз сабап башташкан, андан кийин 32 жаштагы Э.М. ооруканага жеткирилген.

Укук коргоо кызматкерлери кылмышка шектүүлөрдүн өздүгүн такташып, алар 21 жаштагы эки жана 20 жаштагы үч жигит болуп, кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды. Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин «Бейбаштык» беренеси боюнча иш козголгон. Керектүү экспертизалар дайындалды, анын жыйынтыгы менен иш кайра классификацияланышы мүмкүн.

Эң көп окулган жаңылыктар