Париждеги XXXIII жайкы Олимпиада оюндарында медалдардын саны боюнча Кыргызстан 55-орунга жайгашты.
Учурда өлкө куржунунда 2 медаль −1 күмүш, 1 коло бар. Кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмак ченинде Мээрим Жуманазарова күмүш, грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта Жоламан Шаршенбеков коло медаль утту.
Медалдардын саны боюнча алдыңкы бештикке АКШ, Кытай, Австралия, Франция, Улуу Британия кирди. 86 медалы менен 1-сапка АКШ жайгашса, 2-орунда 59 медалы менен Кытай, 3-орунда 35 медалы менен Австралия, 4-орунда 48 медалы менен Франция жана 5-орунду 46 медалы Улуу Британия ээледи.