Нарын облусундагы жырылып кетүү кооптуулугу бар бийик тоо көлдөрүнө байкоо жана изилдөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, Жумгал районундагы Ак-Көл көлү, Кочкор районундагы Көл-Үкөк, Көл-Төр, Жогорку Көл-Үкөк, Шамшы, Бузулган-Суу, Каракум көлдөрүнө топтолуп жаткан суунун көлөмү жана табигый тосмолордун өзгөрүүсүнө байкоо жүргүзүлдү.
Ага ылайык, учурда көлдөрдөгү суунун көлөмү туруктуу жана табигый тосмосунан жырылып кетүү коркунучу жок