15:45
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Бангладеште эки күндө 280 адам каза болду

Бангладеште өкмөттүн отставкасын талап кылган «коомдук квота» чечимине каршы башталган жана акыркы жумаларда уланган нааразылык акцияларында акыркы эки күндө каза болгондордун саны 280дан ашты. Премьер-министр Шейх Хасина Важиддин кызматтан кетиши менен аяктаган нааразылык акциялары уланууда.

Dhaka Tribune гезитинин маалыматына караганда, шейх Хасина расмий резиденциясын таштап, армиянын «өткөөл өкмөт түзүлөөрүн» жарыялаганына карабай өлкө боюнча уланган зомбулуктан кечээ 135 киши каза болгон. Эң кандуу окуялар болгон борбор Даккада полициянын атышуулары, топтордун ортосундагы кагылышуулар жана талап-тоноочулук учурунда 78 киши каза болуп, жүздөгөн киши жараланды. Ар кайсы ооруканалардын билдирүүсүндө жекшемби күнү өлкөнүн ар кайсы аймактарында жалпысынан 96 кишинин каза болгону билдирилди.

Эске салсак, июнь айында жергиликтүү сотто 2018-жылы жокко чыгарылган квота системасы кайра калыбына келтирилген. Бул чечим өлкөдө студенттер баштаган нааразылык акцияларын тутанткан. Мындан улам өлкөнүн Жогорку соту жумуш орундары боюнча айрым талаштуу квоталарды кайрадан жокко чыгаруу чечимин кабыл алган.

Нааразылык уюштурган студенттер бийликтен акциянын уюштуруучуларын коё берүүнү, коменданттык саат режимин токтотууну жана университеттердин ишин калыбына келтирүүнү да талап кылышкан.

Калкы дээрлик 170 миллион Бангладеште жаштардын 18 миллионго жакыны жумушсуз.

Эң көп окулган жаңылыктар